Адмиралтейство аралдары
Адмиралтейство аралдары - Тынч океандагы аралдар тобу. Жанар тоодон жана шуру (коралл) аралдарынан турат; Бисмарк архипелагында. Арал Папуа - Жаңы Гвинея мамлекетинин аймагы. Аянты 2072 км2, эң чоң аралы Манус (1600 км2). Калкы 40 миңдей. Бийиктиги 718 мге чейин (Манус аралында). Айрым аралдары токой менен капталган. Кокос, пальма плантациясы бар. Балык кармалат. Башкы шаары - Лоренгау. Аралда европалыктардан алгачкы жолу 1527-29-ж. испан деңиз саякатчысы А. Сааведра болгон.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/4/43/Admiralty_Islands_Topography_with_labels.png/220px-Admiralty_Islands_Topography_with_labels.png)
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыКош бойлуулукАтайын:SearchАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичҮнсүз тыбыштарКыргыз тилинин жазуу эрежелериЭкинчи дүйнөлүк согушКыргыз урууларыЭмчектеги балаТөрөтАлыкул ОсмоновФонетикаФразеологизмОозул (стоматит)Сынган кылычКыргызстанСинонимКызамыкЫсык-КөлСөз түркүмүГүлжигит СатыбековИч өткөкЭтишВикипедия:Жоопкерчиликтен баш тартууМорис БежарБөйрөк оорусуАйлардын кыргызча аталышыТоктогул СатылгановКыргыз адабиятыПублицистикаМанас эпосуПедагогикаКиринди сөзМухаммед пайгамбарСөз айкашыКеңеш Жусупов