Блез Паскаль
Паскаль, Блез (фр. Blaise Pascal; 19. 6. 1623, Франция, Клермон-Ферран – 19. 8. 1662, Париж) – француз физиги, математик, философ, жазуучу. «Конустук кесилиш теориясынын тажрыйбасы» аттуу биринчи трактатында проекциялык геометриянын негизги теоремаларынын бири – Паскаль теоремасын баяндаган. Паскаль суммалоочу машинаны ойлоп тапкан (1641). Арифметика, сандар теориясы, алгебра жана ыктымалдуулук теориясы боюнча бир катар илимий эмгектерди жазган. Гидростатиканын негизги законун негиздеген жана гидравликалык пресстин иштөө приндибин түшүндүргөн. Басым бирдиги (1 Па), программалоо тили (Pascal), Айдагы кратер Паскальдын ысымынан аталган.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/8/80/Arts_et_Metiers_Pascaline_dsc03869.jpg/220px-Arts_et_Metiers_Pascaline_dsc03869.jpg)
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКош бойлуулукЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанКыргыз урууларыКыргызстандын туусуАлыкул ОсмоновАйлардын кыргызча аталышыКокон хандыгыКыргыз тилинин жазуу эрежелериШин, РоманМухаммед пайгамбарЫсык-КөлМидин АлыбаевИч өткөкПедагогикаЖардам:МазмунуФонетикаЭмчектеги балаАтайын:RecentChangesВикипедия:Жоопкерчиликтен баш тартууБаткен облусуМанас эпосуКүндөрдүн аталышыТоктогул СатылгановКасым ТыныстановТөрөтОрусияКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруЭр ТөштүкСаруу (уруу)МанасКыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети