Еврокөрүнүү ыр сынагы 1969
«Еврокөрүнүү ыр сынагы 1969» (испанча: Festival de la Canción de Eurovisión 1969, англисче: Eurovision Song Contest 1969, французча: Concours Eurovision de la chanson 1969) - «Еврокөрүнүүнүн» 14-сынагы болгон, ал Лондондо өткөн «Еврокөрүнүү 1968» сынагынын жеңүүчү өлкөсүндө, 1969-жылдын 29-мартта Мадридде (Испания) өткөн. Испанияга жеңишти «La, la, la» деген ыры менен Massiel деген ырчы алып келген, добуштардын жыйынтыгынан соң 29 упай менен 1-орунду ээлеген.
Еврокөрүнүү ыр сынагы 1969 | |
---|---|
Дата | 29-март, 1969-жыл |
Алып баруучулар | Laurita Valenzuela |
Мүдүр | Ramón Díez |
Кожоюн телеканал | TVE |
Өткөрүлүүчү жай | Испания, Мадрид, Teatro Real |
Жеңүүчү ыр | «Vivo cantando» (Испания) «De troubadour» (Нидерланддар) |
Добуш берүү ыкмасы | Ар өлкөдөн 10 калыс, алардын ар бири жаккан ырына бир добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу |
Өлкөлөрдүн саны | 16 |
Алгачкы катышуу | болгон эмес |
Баш тартуу | Австрия |
Нөл упай | болгон эмес |
Еврокөрүнүү ыр сынагы 1969 | |
◄ 1968 1970 ► |
- Падышалык Опера Театры - ушул жерден ыр сынак орун алган (Мадрид)
Сынактын тарыхында биринчи жолу бир заматта 4 ыр жеңүүчү аталган, алар төмөнкүлөр: Франциянын ыры, Frida Boccara аткарган "Un jour, un enfant"; Испаниянын ыры, Salomé аткарган "Vivo cantando"; Нидерланддардын ыры, Lenny Kuhr аткарган "De troubadour" жана Улуу Британиянын ыры, Lulu аткарган "Boom Bang-a-Bang". Бул сынак дагы башка маанилүү окуялар менен коштолгон: белгилүү сүрөтчү Сальвадор Дали сынактын жарнактык сүрөтүн тарткан жана Монакону 12 жашар бала көрсөтүп 6-орунду мекенине алып келген.
Франконун аскердик диктатурасы башкарган мамлекетте өткөн сынакта катышпайбыз деп, Австрия катышуудан баш тарткан. Сынактын алгачкы катышуучуларынын катарында Лихтенштейндин да болушу ыктымал болчу, улуттук тандап алуу сынагын өткөрүп аткаруучусу менен ырын камдап олтурушкан, бирок Лихтенштейндин өзүнүн телекөрүнүүсү жоктугунан сынактан четтетилген.
Жыйынтыктар
түзөтүүСынактын жеңүүчүлөрү
түзөтүү- Испания ырчысы Salomé
- Нидерланддар ырчысы Lenny Kuhr
- Улуу Британия ырчысы Lulu
- Франция ырчысы Frida Boccarra
Кайтып келген аткаруучулар
түзөтүүАткаруучу | Мамлекет | Мурдагы катышкан жылы | Орун |
---|---|---|---|
Louis Neefs | Бельгия | 1967 | 07 |