Коро (шаар)
Коро шаары – Венесуэланын түндүк-батышындагы шаар. Фалькон штатынын административдик борбору. Кариб деңизине жакын, Парагуана жарым аралында жайгашкан. Калкы 256,4 миң (2009; штаттагы эң ири шаар). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/b/bf/Coro_2.jpg/220px-Coro_2.jpg)
Шаар 1524-ж. негизделген. 1578-ж. чейин Венесуэла провинциясынын административдик борбору болгон. Собор (1583–1634), чиркөөлөр сакталган. Шаардын тарыхый борбору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Тамак-аш (негизинен эт жана балык консервалары беленделет) өнөр-жай жана шаарга жакын өлкөдөгү эң ири нефть ажыратуучу (PDVSA компаниясынын) эки завод иштейт. Университеттер (анын ичинде Католик ж. б.), институт, китепканалар бар. Туризм өнүккөн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыАзамат АрапбаевКыргыз аттарыКош бойлуулукКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушАтайын:SearchЫсык-КөлАйлардын кыргызча аталышыЫсык чыгууТөрөтАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичИч өткөкКыргызстанБаткен облусуОозул (стоматит)Бөйрөк оорусуИчтин катуу кармоочу оорусуЭмчектеги балаКыргыз тилинин жазуу эрежелериАппендицитИч көбүү (метеоризм)Википедия:Жоопкерчиликтен баш тартууЖатындан кан агууСөз түркүмүАйчүрөк ИманалиеваБек БорбиевАлыкул ОсмоновВикипедияКыргызстандын райондоруСаруу (уруу)МенеджментМухаммед пайгамбарБөйрөк ишинин начарлашыЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиӨмүр баянТоктогул Сатылганов