Лакхнау
Лакхнау – Индиянын түндүгүндөгү шаар. Инди-Ганг түздүгүндө, Гомати дарыясынын (Гангдын сол куймасы) өрөөнүндө жайгашкан. Уттар-Прадеш штатынын административдик борбору (1947-жылдан). Калкы 2,8 млн (2010). Маанилүү жолдор тоому (Дели–Калькутта автомобиль жолу өтөт). Эл аралык аэропорту бар. 1528-ж. негизделген. Лакхнауну «Чыгыштын алтын шаары» (архитектуралык курулуштарында алтын колдонулгандыгы жана уникалдуу зер буюмдары үчүн) деп аташат. «Бара Имамбара» шейиттер үчүн ыйык комплекс (1783– 84; анын ичинде мечит), «Руми Дарваза» (же «Түрк Дарбазасы», 1784), саат мунарасы, Ыйык Иосиф собору сакталган. Текстиль, кагаз, металл иштетүү, булгаары–бут кийим, тамак-аш, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Индиянын илимий, маданий, медициналык жана биологиялык ири борбору. ИИИлер, университеттер, коллеждер, музейлер бар. Жыл сайын февралда музыка жана бий фестивалдары өткөрүлөт.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/b/b4/Lucknow_places.jpg/220px-Lucknow_places.jpg)
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7