Ла-Плата шаары
Ла-Плата шаары – Аргентинадагы порт шаар. Буэнос-Айрес провинциясынын административдик борбору. Пампанын чегинде, Ла-Плата ойдуңунда, Буэнос-Айрестен 56 км түштүк-чыгышта жайгашкан. Калкы 769,7 миң (2010). Жолдор тоому. Деңиз порту (жылына 5 млн т жүк ташылат). Кафедралуу собор (1885), Дардо-Роча пассажы (1883–95), Өкмөт үйү (1880), чиркөөлөр сакталган. Нефть ажыратуу, нефть-химиялык, металл иштетүү, тамак-аш (анын ичинде эт) өнөр жай ишканалары, кеме оңдоочу ири завод иштейт. Университет (анын алдында астрономиялык обсерватория), китепкана, музейлер (анын ичинде дүйнө элдеринин куурчактары, музыкалык аспаптар, почта маркалары жана башка) бар.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/6/64/Ciudad_La_Plata_montage.jpg/220px-Ciudad_La_Plata_montage.jpg)
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичАтайын:SearchКыргыз аттарыАлыкул ОсмоновҮнсүз тыбыштарФонетикаКыргызстанЭкинчи дүйнөлүк согушПсихологияЭтишЫсык-КөлФразеологизмПедагогикаСынган кылычКош бойлуулукАйлардын кыргызча аталышыСөз түркүмүКыргыз тилинин жазуу эрежелериҮндүү тыбыштарБилим берүү жагындагы мамлекеттик саясаттын принциптериКыргыз урууларыКокон хандыгыКыргызстандын туусуСын атоочГаз менен ширетүүБиринчи жардамАалы ТокомбаевАт атоочБектурсун АлымовКасым ТыныстановКыргыз адабиятыТоктогул СатылгановКыргызстандын мамлекеттик тилиТөрөтЗат атоочМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?