Миелома
Миелома (грекче myeljs – чучук, жүлүн жана ...ома) – лейкоз тобундагы кан ооруларынын бири. Анда сөөк кемигинин мутацияга учураган клеткалары ашыкча пайда болуп, натыйжада канда биохимиялык, иммунохимиялык касиеттери бар белоктор көбөйөт. Сөөк, кан пайда кылуу жана заара бөлүп чыгаруучу системада белок, минерал алмашуу өзгөрөт. Оорулуунун сөөгү өзүнөн өзү сынат. Сөөк бузулгандыктан, канда кальций көбөйүп, ал бөйрөккө, өпкөгө, карындын былжыр челине сиңет. Канда иммуноглобулиндер азаят, антителолордун пайда болушу бузулат, натыйжада бактерия инфекциялары көбөйөт. Дарылоодо нур, гормондор, антибиотиктер, кан куюу колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКош бойлуулукАтайын:SearchАлыкул ОсмоновКыргыз тилинин жазуу эрежелериФонетикаКыргызстанЭкинчи дүйнөлүк согушТөрөтКокон хандыгыЭтишОозул (стоматит)Айлардын кыргызча аталышыПедагогикаКыргыз урууларыМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Сандаве тилиКыргызстандын туусуЫсык-КөлКасым ТыныстановЗат атоочКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЭмчектеги балаСынган кылычСөз түркүмүАалы ТокомбаевМорфологияҮнсүз тыбыштарСандавеКыргызстандын гимниКыргызстандын КонституциясыТоктогул СатылгановЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыМухаммед пайгамбарЖамийла (повесть)