Сасык кычы
Сасык кычы (лат. Lepidium, L. 1753) – кайчылаш гүлдөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бир, эки же көп жылдык чөп. Бийикт. 30-100 смге жеткен сабагы түктүү же түксүз, жалгыздан же бутактуу. Гүлү майда, ак. Желекчеси кээде жок. Жалбырактары тегиз жээктүү же бир, эки ирээттүү тилкелүү. Мөмөсү – саадакча. Жер жүзүндө 150, Кыргызстанда 9 түрү кездешет. Алар жайытта, аңызда, жол боюнда, айдоо жана огороддо отоо чөп катары кеңири таралган. Кыргызстандын бардык райондорунда өсөт. Бал ширелүү өсүмдүк.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a7/Lepidium_flavum_close.jpg/220px-Lepidium_flavum_close.jpg)
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыКыргыз тилинин жазуу эрежелериКош бойлуулукКыргыз урууларыАтайын:SearchАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичЭкинчи дүйнөлүк согушМухаммед пайгамбарАлыкул ОсмоновНарын облусуКыргызстанЭмчектеги балаТөрөтАйлардын кыргызча аталышыИсхак РаззаковЫсык-КөлОозул (стоматит)Ич өткөкВикипедияЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиЫсык чыгууИч көбүү (метеоризм)Электр тогуИчтин катуу кармоочу оорусуАйчүрөк ИманалиеваБөйрөк оорусуКокон хандыгыБаткен облусуТоктогул СатылгановАппендицитМанас эпосуФразеологизмдерАнжелика КайратоваЧүчөк (энтеробиоз)Курманжан ДаткаГаз менен ширетүү