Эл аралык жарандык авиация уюму
Эл аралык жарандык авиация уюму (ЭЖАУ) — БУУнун адистештирилген мекемеси, жарандык авиациянын баардык иштери боюнча мамлекеттердин эл аралык кызматташуусун уюштурат жана ыраатка салат.
ЭЖАУга 190 мамлекет кирет. ЭЖАУнун уюштуруу актысы — Эл аралык жарандык авиация жөнүндөгү 1944-жылкы конвенция, анын текстине жобо киргизилип, ал уставды түзөт. ЭЖАУнун максаты: эл аралык учак жол-жоболору менен усулдарын иштеп чыгуу, эл аралык учак унаа каражаттарын ыраатка салуу жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, учуу-техникалык эрежелерин өркүндөтүү, учуунун коопсуздугун камсыз кылуу ж. б.
Булактар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичАтайын:SearchКыргыз аттарыАлыкул ОсмоновҮнсүз тыбыштарФонетикаКыргызстанЭкинчи дүйнөлүк согушПсихологияЭтишЫсык-КөлФразеологизмПедагогикаСынган кылычКош бойлуулукАйлардын кыргызча аталышыСөз түркүмүКыргыз тилинин жазуу эрежелериҮндүү тыбыштарБилим берүү жагындагы мамлекеттик саясаттын принциптериКыргыз урууларыКокон хандыгыКыргызстандын туусуСын атоочГаз менен ширетүүБиринчи жардамАалы ТокомбаевАт атоочБектурсун АлымовКасым ТыныстановКыргыз адабиятыТоктогул СатылгановКыргызстандын мамлекеттик тилиТөрөтЗат атоочМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?